“СПИД кылым оорусу”
Ысык-Ата РБББнүн 2020-жылдын 16-ноябрындагы № 31 буйругун аткаруу максатында, 1-декабрь СПИД менен күрөшүүнүн бүткүл дүйнөлүк эл аралык күнүнө карата М.Койбагаров атындагы орто мектебинде төмөндөгүдөй иш-чаралар өткөрүлдү. 2020-жылдын 1-декабрында дистанттык арада 8-11-класстардын окуучулары менен ҮДТнун дарыгери Ж.Аманова бул оору боюнча маалымат берип, видео конференцияга ТИ боюнча директордун орун басары А.К.Шаршенбеков, соц.педагог М.Кочкорбаева, класс жетекчилер жана 9-11класстарынан окуучулары катышышты. ZOOM аркылуу өтүлгөн конференцияда окуучулар СПИД оорусу жөнүндө кеңири маалымат ал алышты. Ошондой эле ТИ иштери боюнча директордун орун басары А.К.Шаршенбеков “СПИД кылым оорусу” деген темада доклад окуп презинтациялады.
9-11-класстарынын окуучулары үчүн дистантык арада викторина өткөрүлдү. Викторинада төмөндөгүдөй темалар көтөрүлдү:
- Инфекциянын пайда болуу тарыхы.
- Инфекциянын жугуу жолдору.
- ВИЧтен кандай жолдор менен сактанса болот.
- Кайсы жолдор менен жугаары.
- Суроо жооп ирээтинде маектешишти. ВИЧ тууралуу жаштарга арналган китепчелер, плакаттар, дубал газеталар көрсөтүлдү.
1-декабрь СПИД менен күрөшүүнүн бүткүл дүйнөлүк эл аралык күнүнө карата өткөрүлгөн иш-чарада окуучулар бул оору боюнча кеңири маалымат алышты жана алган маалыматтарын күнүмдүк турмушунда колдонушуп кетерине кепилдик беришти. Бүгүнкү өткөн иш чара ар бир жарандын, уюмдардын, мамилекеттин тушүндүрүү иштерин, кайрымдуулук акцияларын өткөрүү менен СПИД орусун алдын алуу.
Комментарии